ТЕК ІІ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тынч, жөн, тим. Тек тур. Тек тура албай азоо аттай жулунат (Осмонкул). 2. Бекерге, жокко. Үмүт текке кеткен жок («Кыргыз Туусу»). Окуучулар убактысын текке кетиришкен жок. 3. Анчейин гана, жайынча, жөнүнчө, орточо. Ал тек гана болжоп айтып койду окшойт, Башка суроо, башка мүдөө болгон жок (Токомбаев). Же курбалым тили менен айталбай, Эскерсин деп, тек эсине салгандыр (Токомбаев).